Пенсия жана айлыктын өсүшү: 2025-жылдын социалдык жыйынтыктары

Коом Загрузка... 27 Февраль 2026 17:16
photo_5264739760499004341_y (1).jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. 2025-жылы пенсия көбөйүп, орточо эмгек акы 44 419 сомду түзүп, 18,9 %га өстү. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, Эмгек кодексине 20 жылдан кийин биринчи жолу өзгөртүүлөр киргизилди.

“Эмгек кодекси жаңыланып, ага бир катар инновациялар киргизилди. Анын ичинен баса белгилеп айткым келгени - эмгектин жаңы формалары киргизилип, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн квоталар берилди. Пенсия көбөйдү. Социалдык контракт” долбоору 100 миң сомдон 150 миң сомго көтөрүлдү. Толук жетим болуп калган ар бир балага 18 жашка толгондо 500 миң сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилет. Учурда 3 378 баланын эсеби ачылып, 684 млн сом которулду”-деди Байсалов.

Ошондой эле ал өлкө аймактарында социалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, райондук башкармалыктар үчүн ата мекендик өндүрүштөгү 103 жаңы автотранспорт каражаты берилгенин кошумчалады.