Пекинде Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 9 март 2026 19:05
6158925760815631666.jpg
6158925760815631676.jpg
6158925760815631670.jpg
6158925760815631669.jpg
6158925760815631668.jpg
6158925760815631667.jpg
Алдыга
Артка
6158925760815631666.jpg
6158925760815631676.jpg
6158925760815631670.jpg
6158925760815631669.jpg
6158925760815631668.jpg
6158925760815631667.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катчылыгында Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери жана дипломат Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгына карата "ШКУ – ишеним жана кызматташтык мейкиндиги" аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерүү кечесин Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева жана ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев уюштурду. Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин элчилери, Кытай ТИМинин өкүлдөрү жана дипломаттар катышты.

Ермекбаев М. Иманалиевдин уюмдун институттук калыптанышына жана эл аралык аброюн чыңдоого кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Элчи Актилек Мусаева Иманалиевдин кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүдөгү жана көз карандысыз Кыргызстандын тышкы саясатын калыптандыруудагы ролуна токтолду.

Юбилейлик иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына дал келгени белгиленди. Элчи ошондой эле өлкөнүн маанилүү демилгелерине – 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлигине токтолду.

Иш-чаранын алкагында Муратбек Иманалиевдин өмүрү жана кесиптик жолун чагылдырган фотокөргөзмө тартууланды.