Ошто кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 11 Март 2025 17:42
482012171_122157071486368081_545806891472552582_n.jpg
482219566_122157071348368081_1742776597703915424_n.jpg
482017124_122157071810368081_4487843637267022780_n.jpg
482022757_122157071402368081_1888529767316592414_n.jpg
482207365_122157071516368081_6978099021068338361_n.jpg
481988667_122157071288368081_6417826940500554840_n.jpg
481990944_122157071588368081_4378867912983867805_n.jpg
484147611_122157071552368081_467777110768907362_n.jpg
483922252_122157071066368081_8205706682272151474_n.jpg
482057380_122157070892368081_272231132871059390_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.03.25./Кабар/. Ош облусунун Араван районунда кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштар алынууда.

Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Аравандын борборунда Достук айыл аймагынын Ош-3000, ошондой эле С. Юсупова айыл аймагынын Ибн Сина, Бекали Айдаров көчөлөрүндө кызыл сызыкка чыгып кеткен 200гө жакын ар кандай багыттагы курулуштар алынып, жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Бүгүн облус жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Араван районуна барып, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштеринин жүрүшү менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

Тиешелүү адистердин айтымында, буга чейин жарандарга кызыл сызыкта турган объекттерди алып салуу боюнча эскертүүлөр берилген. Анын негизинде көпчүлүгү мыйзамга баш ийип, өз алдынча жылдырса, айрымдарына жергиликтүү бийлик атайын техника менен буздуруу иштерине көмөктөшүп, өз ара түшүнүү менен курулуштар алынууда.

Белгилей кетсек, учурда жолдорду кеңейтүү иштери облустун бардык райондорунда жүргүзүлүп, буга чейин 1500дөн ашуун объект бузулду.