Жапаров: Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Президент 12 октябрь 2026 17:25
Жапаров: Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасы чыңдалууда
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/ Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров Ош шаарында жаңыланган аскердик комплексти ачуу учурунда билдирди.

Президент мамлекет аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга, аскердик техникаларды жана курал-жарактарды жаңылоого, аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Ошондой эле аскер кызматчыларынын татыктуу кызмат өтөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлүп, аскердик шаарчалар жана объектилер жаңыланып, турак жай жана социалдык маселелерди чечүү багытында иштер улантылууда", - деп кошумчалады мамлекет башчысы.