10-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Себеби

Коом 8 октябрь 2026 16:15
10-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Себеби

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. 10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянтынын аймагында айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирет.

Чектөөлөр төмөнкү көчөлөргө киргизилет:

  • Чүй проспектиси – Эркиндик бульвары;
  • Чүй проспектиси – Панфилов көчөсү;
  • Панфилов – Пушкин көчөлөрү;
  • Панфилов – Абдумомунов көчөлөрү;
  • Фрунзе – Орозбеков көчөлөрү;
  • Фрунзе – Раззаков көчөлөрү;
  • Эркиндик бульвары – Абдумомунов көчөсү.

Кайгуул кызматы каттамдарды алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду пайдаланууну суранат.