Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин жанында окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери бекитилген аймактарда жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Ошондой эле кызматкерлер окуучулар менен жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айдоочуларды мектептердин жанынан өтүүдө өзгөчө этият болууга чакырууда.