Жал кичи районунда 750 орундуу мектеп курулду

Коом
WhatsApp Image 2026-11-02 at 12.33.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 12.33.52.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-11-02 at 12.33.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-02 at 12.33.52.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №72 мектепке 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланды.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында башталган.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө курулду. Анда предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт зал каралган.