Сузак менен Манаста 5 жаңы мектеп, 2 бала бакча курулууда

Коом
Сузак менен Манаста 5 жаңы мектеп, 2 бала бакча курулууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышканда айтылды.

Маалымдалгандай, Б. Осмонов атындагы № 5, Э. Арапбаев атындагы № 16, Ж. Болотов атындагы № 21 мектептер жана “Акылман” президенттик лицейи пайдаланууга берилди.

Ошол эле учурда жалпы 2 400 орунга ылайыкталган беш жалпы билим берүүчү мектептин жана 250 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Ал эми үч мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Сузак районунда 2021–2026-жылдары 25 мектеп жана 12 бала бакчаны кошкондо, жалпысынан 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди.