Бишкек, 14.10.26 /Кабар/. Бишкектин четиндеги Лебединовка айылында унаа жуучу жай жана павильон буздурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Ленин проспектиси 264 дарегинде жайгашкан "Рублевка" унаа жуучу жайы жана жеңил типтеги павильон мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан комиссиянын чечиминин негизинде буздурулган.
Демонтаж иштеринин натыйжасында 200 чарчы метр жер тилкеси бошотулган. Бул аймакты көрктөндүрүү иштери пландалууда.