Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ош электр тармактар ишканасында кеңешме өткөрүп, 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин талкуулады.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга ишкананын жетекчилиги, райондук электр тармактарынын башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Кеңешмеде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу баяндамалар угулду. Ошондой эле электр тармактарын модернизациялоо, электр энергиясын эсепке алуучу интеллектуалдык эсептегичтерди орнотуу жана санариптик чечимдерди киргизүү маселелери каралды.
Алтынбек Рысбеков пландалган иштерди өз мөөнөтүндө аткаруунун, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүнүн жана ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Министр кызматкерлердин пикирлерин жана сунуштарын угуп, жумуштагы көйгөйлөрдү ачык талкуулоо жана аларды чечүү зарылдыгына токтолду.
Кеңешменин жыйынтыгында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткаруу тапшырылды.
Жыйындан кийин министр кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн кыдырып, алардын эмгек шарттары менен таанышты.