Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Баткен облусунда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери уланууда.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күнгө чейин тургундарга 40,3 миң тонна көмүр жеткирилди.
Маалыматка ылайык, быйыл облуска жалпы 132-135 миң тонна көмүр керектелет. Анын 100,8 миң тоннасы калк үчүн каралган. Учурда көмүр жеткирүүнүн апрель-ноябрь айларына бекитилген планы 66%га, жылдык планы 40%га аткарылды.
Облуста көмүр саткан 69 пункт, анын ичинде 31 муниципалдык түйүн уюштурулган. Мындан тышкары, өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ортомчуларсыз 6 229 тонна көмүр калкка жеткирилип, макулдашылган баада сатылууда.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында облустагы 50гө жакын ишкана 1 млн 69 миң 100 тонна көмүр казып алган.