ОСАГО кенемтесинин көлөмү өсүп, айдоочулар арасында кызыгуу артууда

Коом Загрузка... 18 Март 2026 18:04
WhatsApp_Image_2025_BaXGich.2e16d.2e16d0ba.fill-1200x630.png
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

ОСАГО – бул автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Бул полисти алган жарандар жол кырсыгы болгон учурда чыгымдарын жабуу үчүн олуттуу өлчөмдө кенемте ала алышууда. ОСАГО системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана өлкө боюнча, ошондой эле аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев айтып берет.

Жыл башынан бери өлкөдө канча айдоочу жарандык жоопкерчилигин камсыздандырды? 2025-жылга карата бул көрсөткүчтөр кандай болду?

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 1 млн 909 миңден ашуун унаа бар. Өлкөдө унаанын көптүгүнө жараша кырсыктар да байма-бай катталып турат. 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56 пайызды түзөт. Бул арада өлкө боюнча 499 унаа зыянга учурап, алардын ээлерине 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди.

Ал эми 2025-жылы 353 миңге жакын адам өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган. Ошондой эле 901 жол кырсыгы катталып, унаа ээлерине 86 млн 238 миң сом кенемте төлөнүп берилген.

Аймактарда ОСАГО боюнча камсыздандыруу көрсөткүчтөрү кандай болуп жатат?

Облустарда 2025-жылы төмөндөгүдөй санда унаа камсыздандырылган:

Чүй – 44 миң 827 (11,92%);

Ош – 63 миң 230 (16,76%);

Жалал-Абад – 34 миң 66 (14,85%);

Баткен – 27 миң 192 (25,19%);

Талас – 14 миң 123 (23,75%);

Ысык-Көл – 28 миң 896 (22,36%);

Нарын – 21 миң 760 (38,46%).

Уюм аймактардагы жергиликтүү органдар менен биргеликте калкка тынымсыз түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзүп келет. Аймактарда ОСАГО боюнча иш алып барган 1500дөй агентибиз бар.

Негизи, унааны камсыздандыруунун эң оңой жолу — бул аралыктан камсыздандыруу. Кеңселерге баруунун кереги жок. Мобилдик тиркемелердин көбүнө ОСАГО полиси киргизилген. Ал үчүн жарандын паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана унаанын техникалык паспорту жетиштүү.

Жакын арада жол коопсуздугу кызматкерлери менен биргеликте “Жол кыймылынын эрежелери” китебин иштеп чыктык. Анын ичине унааны камсыздандыруу шарттары жана өлкө боюнча даректерибиз киргизилди. Атап айтканда, көп маалыматтар камтылды. Китеп 17-марттан тарта бардык жерлерде, аймактарда да таратылып баштады.

— Жогорудагы көрсөткүчтөргө таянып, унаа ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу маданияты жогорулап жатат деп айтууга болобу?

— Унаасын камсыздандыргандардын саны өскөн сайын төлөнүп берүүчү кенемтелердин суммасы көбөйүп, жарандардын биздин уюмга болгон ишеними да артууда. Мындан улам көрсөткүчтөр жылдан-жылга жогорулап жатат. Эгер камсыздандыруунун бардык түрлөрүн ала турган болсок, 2023-жылы жарандарга 27 млн сом, 2024-жылы 70 млн сом, 2025-жылы 146 млн сом төлөнүп берилсе, быйылкы жылдын эки айында эле 81 млн сом төлөнүп жатат. Быйыл төлөмдөрдү 400 млн сомго чейин жеткирүү пландалууда.

Өлкө боюнча камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 1 млрд 146 млн сомду түзүп, рейтинг боюнча үч жылдан бери алдыда келе жатат. Андыктан биз ишенимдүү түрдө мамлекеттик кепилдикти бере алабыз.

Камсыздандыруу маданияты өсүп жатат. Себеби, 2025-жылы 360 миң 928 адам өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган. Атап айтканда, көрсөткүч 20%га жакындаган.