Рамазан айы. Орозо кармоонун эрежелери жана шарттары

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 12:08
WhatsApp_Image_jl6fYwm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Кыргызстанда 19-февралда Орозо айы башталат. Орозо айы – ыйманды жаңылоонун, биримдикти бекемдөөнүн жана шүгүрдү арттыруунун айы. Ыйык Рамазан айы – жүрөктөрдү тазалап, руханий жаңылануунун, кечиримдүүлүк менен мээримдин айы, адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсүн жана урматын күчөтүүчү мезгил.

Дээрлик бир ай бою мусулмандар орозо кармайт. Мында тамак-аш жегенге гана тыюу салынбастан, жаман ойлордон, жаман сөздөрдөн, жаман иштерден да алыстоо маанилүү болуп саналат. Ошондой эле ушактан жана жалган сөздөн алыс болуу абзел. Бул айда адамдар чындап жашоосун өзгөртүп, орозодон орозого чейин жүрөктөрүн таза сактоого аракет кылышы кажет. Себеби, чыныгы ыйман – бул бир айлык аракет эмес, өмүр бою сакталуучу аманат.

Орозо кармоонун эрежелери:

  • Орозо кармай турган адам мусулман, акыл-эси жайында, жашы жеткен болушу керек. Орозо кармоого физикалык жактан күчү жетиши кажет. Сапарда болбошу зарыл. Сапарда жүргөн адамга уруксат берилет, ал кийин кармайт.
  • Көпчүлүк адамдар орозо кармаганда шилекейин жутуп алса орозо бузулабы деп сурашат. Шилекейди жутуу орозону бузбайт. Бирок, атайылап оозго көп топтоп туруп жутуу максаттуу иш болгондуктан, муну кылбоо сунушталат.
  • Тиш тазалоого уруксат берилет. Тиш пастасын колдонсо болот, бирок аны жутуп жиберүүдөн этият болуу керек. Оозду чайкоого уруксат берилет, мында да сууну жутуп жибербөө керек. Орозо учурунда тиш доктурга барса болот. Бирок дары же суу жутуп албоо маанилүү.
  • Кээде уктап калып, өз убагында ооз бекитпей калган учурлар болот. Таң атканын билбей тамактанып алса, орозосу жарактуу эмес болуп калат. Бирок ниет кылган болсо, калган убакытта тамактануудан баш тартып, орозосун улантып, кийин ошол күндү каза кылышы керек. Ошондуктан ооз жабуу жана ачуу белгиленген убакытта аткарылышы зарыл. Эрте ооз жабуу да, кечирээк ооз ачуу да максаттуу түрдө болбошу керек. Эгер адам унутуп тамак жеп же суу ичип алса, орозосу бузулбайт. Бирок эстегенде дароо токтотушу керек. Тамеки тартуу да орозону бузат.
  • Ооруп калып, айыкканда орозо кармашы керекпи деген да суроолор жаралат. Эгер адам ооруп калса жана орозо кармоого кудурети жетпесе, айыккан соң каза орозолорун толуктап кармап берет.
  • Жол жүргөн кишиге орозосун ачууга уруксат берилет. Бирок орозо кармай алса, улантса жакшы. Эгер ачып койсо, кийин каза кылат.
  • Бала эмизген эне өзү же баласы үчүн коркунуч жаралса, орозону кармабаса болот. Кийин ошол күндөрдү каза кылат. Кош бойлуулар тууралуу айтсак, өзүнө жана баласына зыян келтирбесе орозо кармаса болот. Болбосо, кийин каза кылып берет.
  • Орозону катуу ооруп жаткан адамдарга, карыган жана орозо кармоого күчү жетпегендерге болбойт. Алар битир-садага беришет. Айыз жана нифас (төрөттөн кийинки тазалануу) мезгилиндеги аялдарга орозо кармаганга болбойт (кечиримдүү себеп менен кийин каза кылышат).
  • Орозо убагында сууга түшүүгө болот, бирок сууга чумкуганда кулакка, мурундун ичине же оозго суу кирип кетпеши үчүн этияттык талап кылынат.
  • Орозо кармап жаткан учурда эгер адам өз эрки менен куса турган болсо, орозосу бузулат. Ал эми кокусунан кусуп жиберсе, орозо бузулбайт.
  • Рамазан айында ар кандай себептер менен адамдар оозун ачууга туура келет. Мындан улам калган орозолорду кийинки Рамазан келгенге чейин каалаган убакта каза кылса болот. Бирок кечиктирбестен, мүмкүн болушунча эртерээк аткарган жакшы. Рамазандан тышкары да нафил (кошумча) орозолор кармалат. Айрыкча дүйшөмбү, бейшемби күндөрү, Айттан кийинки 6 күн, арапа күнү жана ашура күнү орозо кармоо сүннөт болуп саналат.
  • Орозо учурунда укол алып же анализ тапшырса орозо бузулуп калбайбы деген да суроолор көп берилет. Витаминдик же азыктык заттарды камтыган уколдор орозону бузат, ал эми дарылоо максатындагы уколдор бузбайт. Кан анализин тапшырса да орозо бузулбайт. Орозо кармагандар күндүз дары ичсе орозону бузат. Түнкүсүн ичүү керек же оорукчан болсо, кийин каза кылат.
  • Орозо кармаган, кармабаган адам да ооз ачыруу кылса, чоң сооп жазылат.