Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат

Загрузка... 06 Февраль 2026 11:35
ajt.jpg

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматы боюнча, бул чечим Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба (таравих) намазы окулат.