Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Орозо айтта коомдук тартипти 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт. Майрам күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушат.
Айт намазынын программасы төмөндөгүдөй:
07:30-08:00-баяндар айтылат;
08:00-08:25-имам-хатибдердин жана мамлекеттик ишмерлердин куттуктоолору;
08:25- 08:30-Айт намазын окуунун эрежелерин түшүндүрүү;
08:30-08:50-Айт намазын окуу.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.