Орозо айт. Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Коом Загрузка... 19 Март 2026 22:03
804_1703.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 19-марттан 20-мартка караган түнү Орозо айт намазын өткөрүүгө байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү саат 00:00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Тыныстанов көчөсү Чүй проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Тоголок Молдо көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
"Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эвакуаторлор иш алып барат. Айдоочуларды унааларын алдын ала алып кетүүгө жана белгиленген жайларга гана токтотууга чакырабыз", – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эртең, 20-мартта Бишкекте Орозо айт намазы Т. Усубалиев атындагы эски аянтта окулат.