Olympic Day спорттук майрамы жылдырылды

Коом 18 июнь 2026 16:10
Olympic Day спорттук майрамы жылдырылды
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Бишкекте өтчү Olympic Day спорттук майрамы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Иш-чаранын өткөрүлө турган күнү, убактысы жана жери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин 20-июнда Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта эл аралык Olympic Day спорттук иш-чарасы өтөрү маалымдалган.