Бишкекте Olympic Day спорттук иш-чарасы өтөт

Коом 357 17 Июнь 2026 09:20
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3 (2).jpg
f3678ea3-671c-46da-8881-f9dff5609e64.jpg
Алдыга
Артка
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3 (2).jpg
f3678ea3-671c-46da-8881-f9dff5609e64.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. 20-июнда Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта жыл сайын өтүүчү эл аралык Olympic Day спорттук иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарышка 11 жаштан 14 жашка чейинки 500гө жакын бала, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, ыктыярчылар, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору катышат.

Анда 500 метр аралыкка жарыш уюштурулат.

Чуркоо багыты Абдумомунов, Орозбеков, Раззаков жана Рыскулов көчөлөрүнүн айланасын камтыйт.

"Спорттук иш-чарага байланыштуу саат 08:00дөн 14:00гө чейин жарыш өтө турган көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет",-деп айтылат маалыматта.