Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Быйыл ноябрь айы Кыргызстанда жылуу өтүүдө. Айдын экинчи жарымында бардык аймактарда аба ырайы көп жылдык орточо көрсөткүчтөрдөн 4-7°С жогору болгонун Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Өзгөчө Бишкек шаарында 25-26-ноябрь күндөрү аба ырайы аномалдуу жогору болду деп белгиленди.
25-ноябрда максималдуу температура 20,2°С түзүп, 1936-жылы катталган 19,4°С абсолюттук максимумдан жогору болгон.
26-ноябрда аба ырайы 25,3°С чейин жылып, 1936-жылдын ушул күнүндөгү 23,4°С абсолюттук максимумдан ашып кеткен.
Ал эми ноябрь айындагы абсолюттук максимум 2017-жылы 2-ноябрь күнү 29,8°С түзүп, рекорд койгон.
Кыргызгидромет кызматынын Болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдывалиева “Кабар” агенттигине буга чейин ноябрь айы жылуу болгон жылдар жөнүндө айтып берди.
“Буга чейин аталган ай 2023-жылы 16-ноябрда 24,5°С, 2013-жылы 24,7°С градус жылуу болгон. Ошондой эле 1999-жылы да 22,4 градусту түзгөн жылуу аба ырайы катталган”,-деди.
Россиялык «Погода и Климат» сайтынын маалыматына ылайык, быйылкы жылдын ноябрь айындагы эң төмөнкү температура (-8,4°С) 6-ноябрда, эң жогорку температура (25,3°С) 26-ноябрда болгон.
Андагы архивдик маалыматтар боюнча, 2023-жыл эң жылуу ноябрь айы катары, 1952-жылдын 30-ноябры эң суук ноябрь айы катары катталган. Ошол күнү термометр -32,2°Сди көрсөтүп, рекорд койгон.