Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Быйыл ноябрь айынын жылуу болушу байкалууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба ырайы климаттык нормадан жогору болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Учурда күндүз абанын температурасы +15...+20°С айланасында кармалып турат.

ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын Болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдывалиева ноябрь айынын экинчи жарымында да аба ырайы жылуу бойдон каларын билдирди.
“25-ноябрга чейинки аба ырайы боюнча айта турган болсок, 21–25-ноябрь аралыгында температура 1–2°С градуска төмөндөп, калган күндөрү жылуу жана туруктуу болот”,- деди ал.

Анын айтымында, декабрь айына карата чыгарылган алдын ала болжолдор да бар.
“Декабрда абанын айлык орточо температурасы менен жаан-чачындын көлөмү климаттык норманын чегинде болот деп күтүлүүдө. Мисалы, Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12°С, күндүз +0...+5°С, айрым күндөрү -13...-18°С градуска чейин түшүшү мүмкүн. Күндүз -2...+3°С, кээ бир учурда +8...+13°С градуска чейин жогорулап, айрым күндөрү -4...-9°Ске чейин төмөндөшү ыктымал”,-деп кошумчалады бөлүм башчы.
Ал эми КУУнун География, экология жана туризм факультетинин деканы, климатолог Рыскүл Токторова ноябрдагы жылуулук климаттык өзгөрүүлөрдүн көрүнүшү экенин баса белгиледи.

“Ноябрь айынын аягына чейин абанын температурасы жылуу бойдон сакталат деп күтүлүүдө. Температуранын жогору болушуна негизинен абанын циркуляциялык процесстеринин өзгөрүшү таасир этүүдө. Адатта бул мезгилде түндүк антициклону үстөмдүк кылып, аба ырайы салкын болушу керек. Бирок азыр мындай көрүнүш байкалбай жатат. Бул - глобалдык климаттык процесстердин таасири”,-деди ал.
Климатолог климаттын өзгөрүшүн шарттаган факторлор тууралуу да айтып өттү.
“Климат глобалдык деңгээлде өзгөрүп жатат. Күн нурунун тийүү интенсивдүүлүгүнүн өзгөрүшү жалпы атмосфералык циркуляцияга таасирин тийгизет. Биз глобалдык процесстерди токтото албайбыз, бирок таасирди азайтуу үчүн өз салымыбызды кошо алабыз. Эң жөнөкөй чаралар — булгоочу заттарды азайтуу, абага бөлүнгөн чыгындыларды кыскартуу, көбүрөөк дарак отургузуу жана айлана-чөйрөнү коргоо”,-деп белгиледи Токторова.

Гидрометтин маалыматына караганда, 2022 жана 2023-жылдар Кыргызстанда метеорологиялык байкоолор башталгандан берки эң жылуу жылдар болду. Абанын температурасы нормадан 1,73°С жана 1,94°С жогорулаган. Орточо жылдык температуранын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалууда - ар бир 10 жылда 0,28°Ске жогорулап, аймактар боюнча 0,25тен 0,32°Ске чейин өзгөрүүдө.