Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча (COP31) алкагында сел жана суу ташкындарын болжолдоо, ошондой эле табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүү боюнча санариптик чечимдерди тааныштырды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, министрдин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов баштаган делегация Кыргызстандын улуттук павильонунда эки кошумча иш-чара өткөрдү.
Анда Көгарт дарыясынын бассейнинде суу ташкындарын болжолдоо жана эрте кабарлоо системасы, климаттык туруктуулуктун CRIS AIS маалыматтык системасы, сел коркунучун баалоо модулу жана жырылуу коркунучу бар бийик тоолуу көлдөргө мониторинг жүргүзүү ыкмалары көрсөтүлдү.
Ошондой эле спутниктик, гидрометеорологиялык жана жер үстүндөгү байкоолордун маалыматтарын бириктирүү аркылуу табигый коркунучтарды өз убагында аныктоо маселелери талкууланды.
Иш-чаралар Дүйнөлүк банк, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында өттү.
Талкуунун жыйынтыгында санариптик системалардын натыйжалуу иштеши үчүн сапаттуу маалымат, даярдалган адистер жана мамлекеттик органдар ортосундагы тыгыз кызматташтык маанилүү экени белгиленди.