Климаттын өзгөрүү шартында медицина туруктуу болушу керек – Касымбеков

Экология
Климаттын өзгөрүү шартында медицина туруктуу болушу керек – Касымбеков
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Климаттын өзгөрүү шартында саламаттык сактоо мекемелеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, калкка медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн сактоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине медицина илимдеринин доктору, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында билдирди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү бир гана өлкөнүн же аймактын эмес, бүткүл дүйнөнүн алдында турган глобалдык көйгөй.

“Жыл сайын дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрү эл аралык жыйындарга чогулуп, климаттын өзгөрүлүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулап келишет. Бул процесске климаттын өзгөрүшүнө тиешеси бар дээрлик бардык тармактардын өкүлдөрү катышып, өз сунуштарын беришет.

Биз дагы жыл сайын Кыргызстандын сунуштарын эл аралык деңгээлде угузуп, жалпы дүйнөлүк тенденцияга өзүбүздүн салымыбызды кошууга аракет кылып келебиз. Бул сунуштардын бир бөлүгү кабыл алынып жаткан протоколдордо жана декларацияларда камтылууда”, — деди ал.

Касымбеков белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу талкууланып жаткан маанилүү маселелердин бири — саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун камсыздоо. Тактап айтканда, климаттык шарттар өзгөргөн учурда медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешине шарт түзүү, калкка өз убагында жардам көрсөтүү жана оорулардын алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл.

Анын ичинде зооноздук, башкача айтканда, жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулардын алдын алуу боюнча чараларды ыкчам жана алдын ала жүргүзүү маанилүү. Бул багытта саламаттык сактоо тармагындагы даярдыкты күчөтүү климаттык өзгөрүүлөрдүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтууга багытталган иштердин бири болуп саналат.

Ал ошондой эле жугуштуу оорулардын мамлекеттик чек араларды тааныбай турганын белгиледи. Муну COVID-19 пандемиясы даана көрсөткөнүн айтып, мындай коркунучтар бир өлкөнүн же бир аймактын чегинде гана калбастан, бүтүндөй аймактарга жана континенттерге таасир этиши мүмкүн экенине токтолду.

“Коронавирус инфекциясынын пандемиясы жугуштуу оорулар чек араны тааныбай турганын көрсөттү. Алардын региондорго, ал тургай континенттерге тийгизген таасири абдан чоң болушу мүмкүн. Ошондуктан бул маселени бир гана Кыргызстан же бир чөлкөмдүн өлкөлөрү эмес, дүйнө жүзү биргелешип чечиши керек. Мамлекеттер орток чечимдерди кабыл алып, күч-аракеттерин бириктирсе, көйгөйлөрдү жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деди Касымбеков.

Белгилей кетсек, климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Дүйнө өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ушундай ири конференцияларга чогулуп, биргелешкен чечимдерди талкуулашы да ушуга байланыштуу.

Касымбеков өз сөзүндө буга чейинки аймактык жана саясий жыйындарга салыштырмалуу учурдагы конференция катышуучулардын саны жана камтылган маселелердин масштабы жагынан өзгөчөлөнүп турарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, БУУнун аталган конференциясына алты континенттен 95 өлкөнүн лидерлери жана жети эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Жалпысынан саммитке БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына катышуучу 196 мамлекеттин жана Европа биримдигинин өкүлдөрү чогулган.

COP31дин күн тартибине таза энергетикага өтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу шаарларды өнүктүрүү, жашыл индустриялаштыруу, калдыктарды кыскартуу, океандарды жана деңиздерди коргоо, ошондой эле саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатуу маселелери кирген.