Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Авлетим токой чарбасынын аймагында доңуздардын үйүрү видеого тартылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, токой чарбасынын кызматкерлери жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө доңуздардын үйүрүн видеого түшүрүшкөн.
Адистердин белгилөөсүнө караганда, жапайы жаныбарлардын мындай көрүнүштөрү алардын табигый жашоо чөйрөсү сакталып, популяциясынын өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгынын оң көрсөткүчү болуп саналат.
Белгилей кетсек, министрлик тарабынан мамлекеттик жаратылыш коруктарында, токой чарбаларында жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жапайы жаныбарларды браконьерликтен коргоо, алардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана көбөйүшүнө шарт түзүү боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.