Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда "Электрондук нотариат" мобилдик тиркемеси колдонууга берилди. Бул тууралуу юстиция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, учурда тиркемени Play Market аркылуу жүктөп алууга болот, ал эми жакынкы арада App Store платформасында да жеткиликтүү болот.
Мобилдик тиркеме аркылуу төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүн:
- Жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү;
- Жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү;
- Паспорт алуу, жарандыкка кирүү же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү;
- Мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдү бажылык тариздөө жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарды коргоо үчүн (мүлктү тескөө укугусуз) ишеним каттарды күбөлөндүрүү.
"Тиркеме аркылуу нотариалдык аракеттер Кыргызстандын аймагында жана чет мамлекеттерде жүргөн жарандарга, юридикалык жактарга карата улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптары сакталган учурда аткарылат", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы санариптик курал нотариат тутумун реформалоонун алкагында ишке киргизилип, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызматтарга аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.