Ноокатта 21 жаштагы келин асынып каза болду. Окуяны милиция териштирүүдө

Коом Загрузка... 04 Март 2026 17:00
200923195059216e.730x0.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келин асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 20-февраль күнү Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган А.А. аттуу тургуну өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып каза болгону жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын кабарлады.