Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу – шылуундардан коргонуунун натыйжалуу жолу

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 17:48
82c5c8508d401d6852f_Hm1sL80.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарга өзүнүн жеке маалыматтарын кылмыштуу адамдардын аракеттеринен өз убагында коргоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, өзүңүздү коргоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири - "Түндүк" тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу.

Өз алдынча тыюу салуу - бул акысыз кызмат, жаран өз каалоосу менен өзүнүн атына насыя алууга болгон мүмкүнчүлүктү чектейт. Бул функция иштетилгенден кийин жеке маалыматтар уурдалган күндө да банк сиздин атыңызга насыя ала албайт. Натыйжада, сиз өзүңүздү каржылык алдамчылыктардан жана күтүлбөгөн карыз милдеттенмелеринен коргойсуз.

Кантип тыюу саласыз?

  1. "Түндүк" тиркемесине кириңиз.
  2. "Кызматтар" бөлүмүнөн "Кредит алууга өз алдынча тыюу" кызматынын тандаңыз.
  3. "Өтүнмө берүүнү" басыңыз.
  4. Кредиттик бюролордун бирин тандаңыз ("Ишеним" же "СЭС КИБ).
  5. Аракетти тастыктаңыз.

Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк жарандарды коопсуздук чараларын сактоо абдан маанилүү экенин эскертип, ар бир жаранга өзүн жана жакындарын коргоого чакырат. Насыя алууга өз алдынча тыюу салып, шылуундарга сиздин жеке маалыматтарды колдонууга жол бербеңиз.