Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун жетекчилиги астында ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын негизги максаты — президенттин "Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу.
Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулунун долбоорун, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги шартарын талкуулашты.