Ветеринардык дарыканалар текшерилди: Мыйзам бузуулар аныкталган жок

Коом Загрузка... 25 Март 2026 11:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы облустарда, райондордо жана шаарларда, ошондой эле Бишкектеги бардык базарлардагы ветеринардык дүкөндөргө жана ветеринардык аптекаларга мониторинг жүргүздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында ветеринардык аптекалар текшерилип, ветеринардык дары-дармектердин сакталуу шарттары, сапаты жана аларды сатуу эрежелеринин талапка шайкештиги өзгөчө көзөмөлгө алынды.

"Мониторингдин жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жок. Бардык ветеринардык дары каражаттары белгиленген талаптарга жана стандарттарга ылайык шарттарда сакталганы жана сатылып жатканы тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү мыйзамдар жана ЕАЭБдин чечимдеринин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, консультациялар берилди.