Муздаткычта да тез бузулат: Ысыкта тамактан уулануудан сактануунун 5 эрежеси

Ден соолук Загрузка... 06 Июль 2026 10:10
photo_2023-06-22_14.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору аптаптуу аба ырайында тамак-аштан уулануу коркунучун азайтууга жардам берген коопсуздуктун беш эрежеси эске салат.

Адистер эң биринчи кезекте тазалыкты сактоону сунушташат: тамак жасар алдында жана дааратканага баргандан кийин колду самындап жууп, ашкана шаймандарын жана үстөлдүн үстүн дезинфекциялоо зарыл. Ошондой эле тамак-ашты курт-кумурскалардан жана үй жаныбарларынан коргоо керек.

Мындан сырткары, чийки азыктарды бышкан тамактардан бөлөк кармоо шарт. Чийки эт, балык жана бышкан тамактар бири-бирине тийбеши үчүн ашканада өз-өзүнчө тактайчаларды жана бычактарды колдонуу абзел.

Адистер белгилегендей, тамакты кылдат бышыруу керек. Анткени 70°Cден жогорку температурада бышыруу коркунучтуу бактерияларды жок кылат.

Ошондой эле тамак-ашты коопсуз температурада сактоо маанилүү. Даяр тамакты муздаткычтан сырткары 1-2 сааттан ашык калтырбоо зарыл. Ысык тамактарды ысык бойдон (>60°C), ал эми муздак тамактарды муздаткычта (<5°C) сактоо керек. Аптапта тамак-аш муздаткычта да тез бузуларын унутпоо зарыл.

Борбордон билдиришкендей, коопсуз таза сууну гана ичүү, жашылча-жемиштерди кылдат жууп, азыктарды сатып аларда жана колдонордо алардын жарактуулук мөөнөтүн милдеттүү түрдө текшерүү сунушталат.