Мугалимге кол көтөргөн ата-эне: министрлик педагогдордун укугун коргоону күчөтөт

Коом Загрузка... 04 Апрель 2026 13:45
DSC_3010.jpg

Бишкек, 04.04.26 /Кабар/.Күн мурун социалдык тармактарда ата-эне мугалимге кол көтөрүп жаткан видео тараган. Бул боюнча Агартуу министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматта окуя 9-мартта Ош шаарындагы “Юниум” жеке менчик мектебинде болгондугу белгиленет. Сабак учурунда окуучу бир нече жолу класстан чыгып кетип, тоскоолдук жаратып, тартипти бузган. Ушундан улам мугалим окуучуну класска алып кирип отургузуп, ата-энесин мектепке чакырткан.

Окуянын жүрүшүндө баланын апасы мектепке келип, мугалим экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралып, ага кол көтөргөн. Бул окуядан соң эки тарап тең укук коргоо органдарына арыз жазышкан.

Ата-эне арызында 1-класста окуган баласын башталгыч класстын мугалими Ч.А. урду деп айыптаган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бул окуяга иликтөө жүргүзүлүп, мектеп директорунан жана мугалимден түшүнүк кат алынган.

Бул жана буга чейин болуп келген окуяларга байланыштуу министрлик педагогдордун укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкканын маалымдайт.

Анда педагогдорго карата урматсыз мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө өзгөчө басым жасалган. Бул - кемсинтүү, орой мамиле жана башка басым көрсөтүү түрлөрүн, анын ичинде социалдык тармактагы аракеттерди камтыйт.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөрүлдү. Жакынкы убакта ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.