Өлкөдө мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүк жүрүүдө. Анын алкагында жарандар эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн жаңы үлгүдөгүсүнө алмаштырууда. Анын алкагында 91 миңден ашуун жаран эски күбөлүктөрүн жаңы үлгүдөгү документтерге алмаштырган.

Президенттин жарлыгы жана улуттук өнөктүктүн максаты
Күн мурун Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизги максаты - жарандар үчүн айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана документ жүгүртүүнү заманбап талаптарга ылайык келтирүү.
Ошондой эле анда 083 форматындагы медициналык маалымкат талап кылынбасы белгиленди. Мурун өнөктүктүн мөөнөтү бир ай, атап айтканда 15-январдан 15-февралга чейин деп белгиленсе, учурда убактысы узартылды.

Буга чейин өлкө башчысы “Кабар” агенттигине берген маегинде айдоочулук күбөлүктөр маселеси узак жылдар бою көңүл сыртында калып, мурдагы документтер сапаты төмөн жана коргоосу алсыз болгонун билдирген. Ошондой эле азыр бардык мамлекеттик документтер “Учкун” ишканасында жогорку коргоо менен чыгарылып жаткандыгын айткан. Эски күбөлүктөрдү бекер алмаштыруу жана документтерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, бул аракеттер мыйзамсыз колдонулууларды токтотуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөнүн эл аралык аброюн коргоого багытталганын белгилеген.
“Ошондуктан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын жаңысына алмаштыруу чечими кабыл алынды.
Баса белгилей кетсем, жаңы үлгүдөгү документтердин коргоосу эң жогорку деңгээлде, аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ушул себептен улам жарандарга “алмаштыргыла” деп айтаар элем”,-деген президент.

Медициналык маалымкат талаптары жана мөөнөттүн узартылышы
Бир айлык мөөнөт деп белгиленген кампанияга ылайык, айдоочулар документтерин шашылыш алмаштырууга өтүп, айдоочулук күбөлүк алууда 083 формасындагы медициналык маалымкатты алам деп кезекке туруп ыңгайсыздыкка кабылган учурлар болду. Муну эске алуу менен, бул маалымкат талап кылынбай турганы белгиленип, айдоочулар буга чейин медициналык кароодон өткөндүгү менен түшүндүрүлдү.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун директорунун орун басары Толубай Жакишев “Кабар” агенттигине билдиргендей, кампаниянын алкагында иштер кызуу жүрүүдө. Ошондой эле борбордун кызматкерлери өлкөнүн аймактарын кыдырып, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, маалымат менен камсыздоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Өнөктүк башталгандан тарта Кыргызстандын бардык аймактарынан жарандар биздин бөлүмдөргө кайрылышууда. Алгачкы күндөрү жарандардын агымынын көптүгүнөн улам “Түндүк” тиркемеси иштебей калып жатты. Биринчи жума дем алышсыз, бөлүмдөр түнгө чейин иштеп жатышты.

Эски айдоочулук күбөлүктөрдүн абалы жана алмаштыруу процесси
Биз учурда жетекчиликтин тапшырмасы менен аймактарды кыдырып жатабыз. Бүгүнкү күндө (15-22-январь арасы) 91 миң 888 жаран айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн өтүнмө берди. Анын арасында 35 миң 717 жаран бизге кеңселерге келди. Ошондой эле аралыктан 56 171 жарандан өтүнмө келип түштү. Арасында аз санда мөөнөтү чектелген күбөлүктү алмаштыруучулар да бар.
Арасында советтер союзундагы 1970-80-90-жылдары алынган күбөлүктөр менен ушул күнгө чейин жүргөн жарандар кездешүүдө. Бул документтер санариптештирилбегендиктен, “Түндүк” тиркемесинен чыкпай жатат. Алар мөөнөтсүз болгондуктан, жараксыз деген чечим кабыл алынган эмес. Ошондуктан колдонуп жүрө беришкен. Бүгүнкү күндө аталган жарандардын жашы бир топ өтүп кеткендиктен, сүрөтү дал келбейт. Алар сүрөткө 40-50 жыл мурун түшкөн. Анда жигит болсо, азыр абышка болуп калышкан. Буга чейин мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Учурдагы өнөктүк бүткөндөн кийин бул маселе да күн тартибине коюлат.
Бул себептерден улам биздин кызматкерлер архивдерди, картотека, журналдарды алып чыгып караштырып, эски документтерди базага киргизишүүдө.

Аралыктан документ алуунун ыңгайлуулугу
Белгилей кетүүчү жагдай, жарандар “Түндүк” тиркемесине кирбей жатышат. Кеңсеге келгенден аралыктан алуу жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле тиркемени колдонууда сүрөткө түшүү учурунда каталарды кетиришүүдө. Мисалы, өзүн бет тарабынан тартканда ылдый карап же арткы фонунун түсү дал келбей, сүрөтү тиркеменин талабына жооп бербей калууда.
Өнөктүктүн мөөнөтү белгиленген жок. Жарандардын баары алмаштырып жетишет. Маалымкат алынып салынгандан кийин паспорт жана айдоочулук күбөлүгү менен гана келишет. Документ мыйзам чегинде 4 иш күнүнүн ичинде даяр болот. Андыктан, жарандарды өз убагында айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып алууга чакырам”,-деди ал.

“Түндүк” тиркемеси боюнча түшүндүрмө
Андан сырткары, “Түндүк” ААКы аталган документтерди алмаштырууда келип чыккан күттүрүү, өтүнмө, тастыктамалардын көбүрөөк убакыт каралашына карата түшүндүрмө берди:
“Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча арыздардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, айрым учурларда аларды кароо мөөнөтү бир аз узарышы мүмкүн. Жүктөм жогору болгон маалда мамлекеттик органдар тарабынан арыздарды кароо кадимкиге караганда көбүрөөк убакытты талап кылышы ыктымал. Мисалга, айрым учурларда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун операторлоруна түшкөн арыздардын саны көп болууда.
«Түндүк» тиркемеси жарандарга арыздарды электрондук форматта жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми аларды иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуу тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт”,-деп айтылат маалыматта.