Октябрь айы жамгыр менен башталат

Коом 29 сентябрь 2026 11:50
Октябрь айы жамгыр менен башталат

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. 1-4-октябрда айрым аймактарында катуу жаан жаап, сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

ӨКМ бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүүнү сунуштады.

Жарандарга аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүп, кооптуу аймактардан алыс болуу эскертилет.