Эл артисти Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайтты

Коом 29 сентябрь 2026 11:55
Эл артисти Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайтты
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз телевидениесинин алгачкы диктору Тамара Жаманбаева 83 жашында дүйнөдөн кайтты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, ал 28-сентябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Тамара Жаманбаева 1959-2010-жылдары Мамлекеттик телерадио комитетинде 51 жыл эмгектенип, дикторлуктан тартып программалар директору жана вице-президентке чейинки кызматтарды аркалаган. Ал улуттук телерадионун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, кыргыз телерадио журналистикасынын тарыхында өчпөс из калтырган.

Ал СССРдин жана Кыргыз Республикасынын телевидение жана радиосунун отличниги, Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Ошондой эле "Даңк" медалы жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Акыйкатчы институтунун жамааты Тамара Жаманбаеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага жана маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты 30-сентябрда саат 10:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.