Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкекте КР эл артисти жана белгилүү диктор Тамара Жаманбаева акыркы сапарга узатылды.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты.
Кыргыз телевидениясынын алгачкы дикторлорунун бири 28-сентябрда узакка созулган оорудан кийин каза болгон.