Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргыз телерадиосу орду толгус оор жоготууга учурады.
2026-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин телевидение жана радио отличниги, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, кыргыз телевидениесинин көрүнүктүү өкүлү, "Эмгектеги каармандыгы үчүн" жана "Даңк" медалдары менен сыйланган белгилүү диктор Тамара Кусеиновна Жаманбаева дүйнөдөн кайтты.
Тамара Жаманбаева Нарын шаарында төрөлгөн. Эмгек жолун 1959-жылдын 15-сентябрында Фрунзе телестудиясына диктор болуп ишке кирүү менен баштаган.
1968-жылы Борбордук телевидениенин сынагында жеңишке жетип, "Советтер Союзунун мыкты диктору" наамына татыган жана муну менен кыргыз телевидениесинин аброюн союздук деңгээлге көтөргөн. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин "журналистика" адистиги боюнча аяктаган.
1974-жылдан 1988-жылга чейин телеберүүлөр боюнча директордун орун басары кызматын аркалап, андан кийин кино жана илимий-популярдуу программаларды даярдоо, ошондой эле борбордук телевидение жана радио үчүн берүүлөрдү уюштуруу редакциясынын башкы редактору болуп иштеген. Бул мезгилде борбордук телевидениенин эфиринен көрсөтүлгөн үч телефильмдин автору болгон. Ал даярдаган программалар эл аралык сынактарда ийгиликке жетишкен.
1988-жылы Ош облустук телевидение жана радиоберүү комитетинин башкы редактору, ал эми 1991-жылы аталган комитеттин төрагасы болуп дайындалган. 1994-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Телевидение жана радиоберүү боюнча мамлекеттик комитетинин вице-президенти болуп дайындалган.
Анын демилгеси менен «Кутман күнүң менен, Кыргызстан!»
("С добрым утром, Кыргызстан!") таңкы программасы түзүлүп, ал улуттук телеэфирде жаңы багыттын калыптанышына негиз болгон.
1995-жылдан тартып он жыл бою "Замана" студиясынын продюсери, "Ибарат" бирикмесинин башкы редактору, ошондой эле Кыргыз телерадиокорпорациясынын Окуу борборунун директору болуп эмгектенген.
2010-жылдан тартып Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин журналистика кафедрасында сабак берип, ага профессор наамы ыйгарылган.
2003-жылы анын "Жашадым, эмгектендим, күрөштүм, жапа чектим, бирок жеңилген жокмун", ал эми 2009-жылы "Телевидение – менин өмүрүм" аттуу китептери жарык көрүп, аларда анын басып өткөн өмүр жолу, кесиптик тажрыйбасы жана тандап алган кесибине болгон берилгендиги чагылдырылган.
Тамара Кусеиновна Жаманбаеванын жаркын элеси кыргыз элинин жана ата мекендик телерадиоберүүнүн тарыхында түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, С.Ш. Жээнбеков, Р.И. Отунбаева, А.К. Койчиев, Таалайбек кызы Жылдыз, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушев, Б.Р. Зулпиев, Ы.Ы. Атажанов, У.Б. Бакасов, К.К. Самаков, Г.Т. Исаматова, М.К. Мамбеталиев, М.К. Кожоев, Н.Б. Сатаров, А.А. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, У.А. Сатиев, И.А. Балташев,
Г.Дж. Байтерек, С. Токтакунова, К. Сартбаева, Р.Н. Чокоева, М.М. Мамбетакунов, К.О. Иманалиев, Г.А. Молдоева, М.А. Бегалиев, А.А. Алдашева, Т.Т. Казаков, А.М. Матисаков, С.Ж. Мусаев, К.С. Молдокасымов, К.Т. Оторбаев ж.б.