Мырзалиев: Кыргызстанда эрте никеге туруунун саны өсүүдө

Коом 29 сентябрь 2026 12:05
Мырзалиев: Кыргызстанда эрте никеге туруунун саны өсүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Эрте никеге туруу азыркы коомдогу курч көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы Жунусалы Мырзалиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдардагы статистикага ылайык, эрте никеге тургандардын саны өсүүдө. Мындай фактыларды эсепке алуу жана каттоо үчүн атайын журналдар киргизилген.

"Эгер бул маселеге диний көз караштан карай турган болсок, нике кыюу диний кызматкерлердин милдеттеринин бири болуп саналат. Акыркы жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ар бир мечитте атайын журналдар киргизилди. Анда никеге тургандардын жашы көрсөтүлөт. Эгер алар 18 жашка чыга элек болсо, имам нике кыйбайт. Жалпысынан жаштарга алгач жарандык абалды каттоо кызматынан расмий күбөлүк алып, андан кийин диний никеге турууну сунуштайбыз", — деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал жашы жете электердин никеге турганы аныкталган учурда диний кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинде тиешелүү жоопкерчилик каралганын кошумчалады.