Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулду

Коом 29 сентябрь 2026 12:30
825356378_1603708151228228_4360457910632612191_n.jpg
829018343_1603708124561564_4853671018619777713_n.jpg
Алдыга
Артка
825356378_1603708151228228_4360457910632612191_n.jpg
829018343_1603708124561564_4853671018619777713_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап мектептин имараты тургузулду. Мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы мектеп аймактагы билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты азайтып, балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.