Министр көзөмөлгө алды: Осмонов ит тиштеген баладан кабар алды

Коом 2 апрель 2026 20:54
IMG_2111.jpeg
IMG_2112.jpeg
IMG_2113.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2111.jpeg
IMG_2112.jpeg
IMG_2113.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов бүгүн, 2-апрелде Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барып, иттердин тиштегенинен жабыркаган баланын абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы туулган бейтап ооруканага 1-апрелде өтө оор абалда жеткирилген. Ага баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн жарааттар, ошондой эле травмалык шок диагнозу коюлган.

Бейтап ооруканага түшкөн учурдан тартып дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө турат. Профилдик адистердин, анын ичинде кан тамыр хирургдарынын катышуусунда бир нече консилиум өткөрүлдү. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу деп бааланууда.

Дамир Осмонов бейтапка толук айыкканга чейин бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Ошондой эле министр баланы медициналык мекемеге ыкчам жеткирген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.