Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Коом 18 декабрь 2025 15:40
600321029_1258099173005748_9096332665999328765_n.jpg
601473080_1258099083005757_1572976196785112822_n.jpg
602015101_1258099139672418_3025014741794934840_n.jpg
601809278_1258099179672414_3005326605313129643_n.jpg
Алдыга
Артка
600321029_1258099173005748_9096332665999328765_n.jpg
601473080_1258099083005757_1572976196785112822_n.jpg
602015101_1258099139672418_3025014741794934840_n.jpg
601809278_1258099179672414_3005326605313129643_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды жана карда жүрүүчү техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

ИИМден билдиришкендей, иш-чаранын алкагында «JAC», «Changan», «Hyundai Staria», «Toyota Hiace», «Geely Atlas», «Chevrolet Cobalt», «Нива Legend» үлгүсүндөгү 50 жаңы кызматтык унаа, ошондой эле 5 карда жүрүүчү техника (снегоход) тапшырылды. Бардык унаалар заманбап техникалык жабдуулар менен толук камсыздалган.

Өз сөзүндө Улан Ниязбеков коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү сервистик кызматтарды жакшыртуу максатында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле министр өлкө аймагында жол кырсыктарынын санын азайтуу багытында иштер күчөтүлүп жатканын айтып, жаңы кызматтык унаалар бул максаттарды ишке ашырууда маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.