Мигранттардын укугун коргоо: Россиядагы өкүлчүлүк 59 миң жаранга жардам көрсөттү

Коом Загрузка... 15 Апрель 2026 16:00
migrant.jpg

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо багытында аткарылган иштердин жыйынтыгын жарыялады.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин Россиядагы Кыргызстандын 1 643 жаранына жалпы суммасы 121 млн 299 200 рубль төлөнбөгөн эмгек акыларын алууга көмөк көрсөтүлгөн, ошондой эле 27 жаранга өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүлөрдөн 27 млн 772 000 рубль өлчөмүндө компенсация алууга көмөк көрсөтүлгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында өкүлчүлүк тарабынан Кыргызстандын 3 711 жаранынын кайрылуулары боюнча Москва шаарынын жана Москва облусунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына (полиция бөлүмдөрү, соттор, прокуратура, Россиянын ИИМ миграция маселелери боюнча бөлүмдөрү, Тергөө комитети ж.б.) 1 291 чыгуу жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, өкүлчүлүк тарабынан 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин жеке кабыл алуу, ошондой эле телефон аркылуу 59 292 жаранга Россиядагы миграциялык мыйзамдар жана башка маселелер боюнча юридикалык кеңеш берилген жана укуктук колдоо көрсөтүлгөн.

Россияга барууну пландаган кыргыз жарандары эмнелерди билиши керек?

Россияга барууну пландап жаткан жарандар чек арадан өтүүгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен RuID мобилдик тиркемеси аркылуу арыз берүүсү тийиш. Шашылыш жагдайларда (дарылануу, жакынынын каза болушу ж.б.) тиешелүү документтер болсо, арызды кирүүгө 4 саат калганда берүүгө болот.

Арызда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү шарт:

  • Кирүү күнү жана максаты;
  • Жүрүү мөөнөтү жана бара турган аймагы;
  • Сүрөтү жана чек арадан өтүүдө колдонулуучу документ.

Россиянын аймагына киргенден кийин ар бир жаран төмөнкү кадамдарды өз убагында аткарышы керек:

  • 30 күндүн ичинде: Медициналык күбөлөндүрүүдөн (жыл сайын), манжа изин берүүдөн (дактилоскопия) жана сүрөткө түшүүдөн өтүү.
  • Миграциялык каттоо: Киргенден кийин 30 күндүн ичинде каттоого туруу. Москвага жана Москва облусуна эмгек ишмердүүлүгү үчүн кирген Кыргызстандын жарандары "Амина" тиркемеси аркылуу миграциялык каттоо жүргүзүшөт.
  • Эмгек келишими: Иштөө үчүн келгендер сөзсүз түрдө расмий эмгек келишимин түзүшү зарыл.
  • Мөөнөттү узартуу: Киргенден кийин 90 күндүн ичинде келишимдин негизинде убактылуу болуу мөөнөтүн Россиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүндө узартуу.

Эгерде сиздин укуктарыңыз бузулса же миграциялык суроолоруңуз болсо, өкүлчүлүккө кайрылыңыз.

  • Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-корпус (метро "Полянка").
  • Телефондор: +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27.
"Кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу болуусун камсыз кылуу максатында өкүлчүлүк тарабынан Россия Федерациясынын мыйзамдарын түшүндүрүү боюнча туруктуу негизде маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.