Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы: Кен байлыктар өнүгүүгө өбөлгө болот

Коом 28 сентябрь 2026 17:30
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстандагы кен байлыктарын иштетүү зарыл, мында заманбап технологияларды колдонуп, экологияга тийгизген таасирди минималдаштыруу маанилүү. Бул тууралуу Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Акылбек Маралбаев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кен байлыктар иштетилип, бул тармак мамлекеттердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп келет. Кен иштетүүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн жогорку технологияларды колдонуу жана калкка жүргүзүлүп жаткан иштерди туура түшүндүрүү зарыл.

"Дүйнө жүзүндө практикада бардыгы кен иштетет. Мамлекеттер кен иштеткен үчүн өнүгүп-өсүп жатат. Бирок алар түшүндүрүү жолу менен, андан кийин эң жогорку технологияларды колдонуп, экологияга тийгизген таасирин минимумга түшүрөт", - деди Маралбаев.

Ал ошондой эле кен байлыктары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзө аларын белгилеп, аларды иштетүү зарылдыгын айтты.

Маралбаев өлкөдө акыркы жылдары курулуштар жана шаарлардын инфраструктурасы өзгөрүп жатканын да белгиледи. Ал Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдү мисал келтирип, жергиликтүү тургундардын шаарды "Манхэттен болуп калыптыр" деп сыпаттаганын айтты.