Буллинг – бул баланы теңтуштары тарабынан системалуу түрдө куугунтуктоо, кемсинтүү, коркутуу же ага басым көрсөтүү. Ал мазактоо, шылдыңдоо, кемсинткен маалыматтарды таратуу, физикалык зомбулук көрсөтүү же коомдук чөйрөдөн обочолонтуу түрүндө болушу мүмкүн.
Мектептеги буллинг дайыма эле ачык агрессиядан башталбайт. Кээде баары көңүл ооруткан каймана аттардан, шылдыңдоодон же чоңдор көңүл бурбаган чыр-чатактардан башталат. Бирок көйгөйдү өз убагында байкабай калса, бул бала үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Буллингди кантип аныктоого болот, балдар эмне үчүн ага катышып калат жана анын алдын алууда ата-эне, мугалимдер менен мектеп психологдору кандай роль ойнойт? Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Назира Осмонбаева айтып берди.

Адистин айтымында, буллингдин себептеринин бири баланын өзүнүн психологиялык абалы болушу мүмкүн. Үйүндө же өзүнүн айланасында зомбулукка кабылган балдар кээде мындай жүрүм-турумду теңтуштары менен болгон мамилесине өткөрүп алышат. Мындан тышкары, баланын лидер болууга умтулуусу, теңтуштарынын арасынан өзгөчөлөнүүгө же физикалык күчүн көрсөтүүгө болгон каалоосу да куугунтуктоого себеп болушу мүмкүн. Класстагы атмосфера да кырдаалга таасир этет. Теңтуштардын кайдыгерлиги, бири-бирине сый-урматсыз мамиле кылуусу жана балдардын ортосунда өз убагында чечилбеген чыр-чатактар бара-бара олуттуу көйгөйгө айланышы мүмкүн.
"Дагы бир себеп – балдардын ортосундагы талаш-тартыштар өз убагында чечилбей, андан да чоң көйгөйгө айланып кетиши мүмкүн. Бул жерде мугалимдердин да ролу бар деп ойлойм", – деди адис.
Ал чоңдор балдарга басым көрсөтүлүп же алар куугунтукка кабылып жатканын көргөндө кайдыгер болбошу керектигин белгиледи. Анын айтымында, балдардын ортосунда эмне болуп жатканын өз убагында аныктап, кийлигишүү маанилүү.
Мектептердеги психологдор
Адис мектептерге штаттык психологдорду киргизүү маселесине да токтолду. Анын айтымында, бул боюнча Билим берүү министрлигинен тиешелүү тапшырма берилген жана айрым мектептерде квалификациялуу адистер ишке тартыла баштады.
Ошол эле учурда бир катар мектептерде тиешелүү билими бар адистердин жетишсиздигинен улам бош орундар сакталып турат. Осмонбаеванын пикиринде, мектеп психологу буллингге кабылган балдар менен гана эмес, өздөрү агрессивдүү мамиле жасаган балдар менен иштөөдө да маанилүү роль ойной алат.
"Өз кесибин сүйгөн жана аны жакшы билген психологдор балдарыбызга түздөн-түз жардам бере алышат. Анткени алар ар бир окуучу менен дайыма байланышта болушат", – деп белгиледи ал.
Адис эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары куугунтукка кабылган балдардын унчукпай коюусун атады. Анын айтымында, окуучулар болуп жаткан окуя тууралуу ата-энесине да, мугалимдерине да айта бербейт жана күн сайын басым алдында жүрө беришет.
Ушуга байланыштуу адис мектеп менен үй-бүлөнүн ортосунда туруктуу байланыш болушу өзгөчө маанилүү экенин белгилейт. Ата-энелер жана мугалимдер баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, анын айлана-чөйрөсүнө кызыгып, пайда болгон көйгөйлөргө биргелешип жооп бериши керек.
Ал эми "Жылдын мыкты мугалими – 2025" сынагынын жеңүүчүсү, Түп районунун Долон айылындагы К. Металиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Элзат Асанова мектептерде буллингдин алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.
Анын "Кабар" агенттигине билдиргенине караганда, буллингдин алдын алуу натыйжалуу болушу үчүн мектеп, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар бир команда болуп иштеши керек. Биринчи кезекте бала өз көйгөйлөрүн айтуудан коркпогон коопсуз жана ишенимдүү чөйрөнү түзүү зарыл.

"Бала көйгөйүн айтса, аны урушпай, коркутпай же күнөөлөбөй турганына ишениши керек. Мындай чөйрө үйдө да, мектепте да болушу зарыл", – деди Асанова.
Ал мугалим окуучунун сабактагы жетишкендигине гана эмес, анын эмоционалдык абалына жана класстагы атмосферага да көңүл бурушу керектигин белгиледи. Эгер кооптондурган өзгөрүүлөр байкалса, мугалимдер бул тууралуу ата-энеге билдирип, көйгөйдү биргелешип чечүүгө аракет кылышы керек.
Асанова ата-энелердин ролуна өзгөчө басым жасады. Анын пикиринде, ата-эне менен баланын ортосунда жакын жана ишенимдүү мамиле болушу керек. Ошондо бала алар менен каалаган темада эркин сүйлөшө алат.
"Биз коркуу маданиятын эмес, урмат-сый жана ишеним маданиятын түзүшүбүз керек. Бала өзүн коопсуз сезиши зарыл", – деп баса белгиледи ал.
Мугалим ошондой эле буллингдин алдын алуу үй-бүлөдөгү тарбиядан башталарын белгиледи. Анын айтымында, ата-эненин көңүл буруусу жана баарлашуусу жетишсиз болсо, бул баланын жүрүм-турумуна таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан баланы материалдык жактан камсыз кылуу менен гана чектелбестен, ага убакыт бөлүү, мээрим көрсөтүү жана башкаларга урмат-сый менен мамиле кылууну түшүндүрүү маанилүү.
Ал үй-бүлөдөгү туура тарбиянын зарылдыгына да көңүл бурду. Балдарды башка адамдардын сезимдерин түшүнүүгө, айланасындагыларды сыйлоого жана колдоого муктаж адамдарга жардам берүүгө үйрөтүү керек.

"Биз кээде балдарга: "Күчтүү бол. Өзүңдү коргой бил. Өзүңдү кордотпо”, - деп үйрөтөбүз. Бирок муну менен катар башка адамдын сезимин түшүнүүгө жана аны сыйлоого да үйрөтүшүбүз керек", – деди Асанова.
Анын айтымында, мектепте окуучуларга башынан эле классташтарын мазактоого жана кемсинтүүгө, аларга көңүл ооруткан каймана аттарды коюуга, башка баланын сырткы көрүнүшүн, жөндөмүн же өзгөчөлүгүн шылдыңдоого жол берилбей турганын түшүндүрүү зарыл.
"Ата-эне менен мугалим бир команда болуп иштегенде, балага бир топ жеңил болот", – деп жыйынтыктады Элзат Асанова.
Кыргызстандын мектептериндеги буллинг көйгөйү бир жолку текшерүүлөрдү эмес, бардык деңгээлде системалуу жана үзгүлтүксүз иш алып барууну талап кылат. Өспүрүмдөр арасында болгон кайгылуу окуялар балдардын "майда" чыр-чатактарына чоңдордун кайдыгер мамилеси кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Коркуу жана унчукпоо дубалын бузуу үчүн баланын айланасында квалификациялуу мектеп психологдору, көңүл бурган мугалимдер жана камкор ата-энелер менен коопсуз чөйрө түзүү зарыл. Үй-бүлө менен мектептин ишенимге жана өз ара урмат-сый маданиятына негизделген биргелешкен аракети гана балдарды коргоого жана кайгылуу окуялардын алдын алууга жардам берет.