Медиа жана билим берүү: Бишкекте өмүр бою билим алуу маданияты талкууланды

Коом 546 25 Ноябрь 2025 11:45
WhatsApp Image 2025-11-25 at 11.35.46 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 11.35.48 (6).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 11.35.48 (7).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 11.35.48 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 11.35.48 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 11.35.46 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Чоңдор билим берүүсү журналистиканын фокусунда: медианын ролу жана этикалык багыттар” аттуу жыйын өтүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты — чоңдор билим берүүсүн өнүктүрүүдө журналистиканын ордун талкуулоо, өмүр бою билим алуу маданиятын илгерилетүү жана социалдык медиада журналисттер менен блогерлер үчүн этикалык стандарттарды бекемдөө.

Ошондой эле жыйын эксперттик жана медиа өкүлдөрүнүн биргелешип пикир алмашуусу үчүн аянтча болууда.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралууда:

- Журналисттердин чоңдор билим берүүсүнүн максаттары жана мааниси боюнча маалымдуулугун жогорулатуу;

- Кыргызстандагы чоңдорду окутуу жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбалар жана мисалдарды бөлүшүү;

- Санарип чөйрөдө журналисттик ишмердүүлүктөгү этикалык стандарттарды талкуулоо;

- Билим берүүнүн баалуулуктарын коомго жайылтуу үчүн медиалык ыкмаларды жана темаларды иштеп чыгуу;

- Медиакоомчулук менен чоңдор билим берүүсү тармагындагы уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө.

Жыйынга медиа өкүлдөрү, адистер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.