Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ЖКККББны 90 жылдыгы менен куттуктады

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына жана кызматкерлердин кесиптик майрамына карата бир катар кызматкерлерди төш белги жана Ардак грамоталар менен сыйлады.

Сыйлыктарды Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Алима Нурланова тапшырды. Ошондой эле ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеевге коло төш белгини ыйгарды.

Алима Нурланова өз сөзүндө эки мекеме ОСАГО камсыздандыруу полисин ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташып келе жатканын белгиледи.

"Жол кайгуул кызматынын түптөлгөнүнө 90 жыл толуп жатат. Бул жөн гана сан эмес, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздоого арналган сыймыктуу тарых. Сиздер күнү-түнү талыкпай эмгектенип, жарандардын коопсуздугу үчүн кызмат өтөп келесиздер. Ушундай жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирип, ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз",- деди Нарланова.