Малайзия 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн соцтармакка кирүүсүнө чектөө киргизет

Дүйнө Загрузка... 25 Ноябрь 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-11-25 at 08.04.31.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Малайзия 2026-жылдан тарта 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салууну пландаштырууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул чечим балдарды интернеттеги коркунучтардан коргоо жана санариптик коопсуздукту күчөтүү максатында кабыл алынууда.

The Star гезитинин маалыматы боюнча, Малайзиянын байланыш министри Датук Фахми Фадзил 16 жашка чыга элек жарандарга социалдык медиа платформаларда аккаунт ачууга тыюу салынаарын билдирген.

Министрдин айтымында, бул чектөө 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган “Онлайн коопсуздук жөнүндө” мыйзамдын алкагында ишке ашат. Мындан тышкары, келерки жылдан тарта социалдык медиа платформаларда электрондук колдонуучуну идентификациялоо системасын киргизүү пландалууда.

Министр бул чаралар кибер алдамчылыктын, зомбулуктун жана балдардын психикалык ден соолугуна терс таасир тийгизген маалыматтардын алдын алуу үчүн көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Ал ошондой эле Австралиянын социалдык медиада жаш курак чектөөсүн киргизүү тажрыйбасына кызыгып жатышканын жана башка өлкөлөрдүн ыкмаларын да кылдат изилдеп жатышканын белгилеген.