Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Майыптыгы бар жарандарга жөлөк пул эмес, коомчулукка аралашып жашаганга шарттар түзүлүшү керек. Бул тууралуу 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандардын конгрессинде министрлер кабинетинин алдындагы Майыптыгы бар жарандардын иши боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков билдирди.
Ал өз сөзүндө өлкөдө алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан расмий иш-чаранын маанисине төмөндөгүчө токтолду:
“Бүгүн майыптыгы бар жарандардын алгачкы конгресси өтүүдө. Уюштуруучусу – “Жаңыртуу” коомдук фонду болуп саналат.
Ал эми мындай конгресс эң биринчи ирет 1998-жылы Германиянын Берлин шаарында негизделиптир. 27 жыл бою дүйнө жүзүн кыдырып өткөрүлүп келет экен. Борбор Азиядан Тажикстанда, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Россияда жана Арменияда жана Европада толугу менен өткөрүлүптүр. Быйыл биринчи жолу бизде өтүүдө.
Анын негизги максаты – дүйнө жүзүндөгү майыптыгы бар адамдардын бар экендигине көңүл бурдуруп, алардын көйгөйлөрүн угууга, сунуштарын кабыл алууга багытталган экен.
Ошондой эле майыптыгы бар жарандардын учурдагы коомдогу абалына жана жашап жаткан көйгөйлөрүнө да токтоло кетти.
“Бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдарга көңүл бөлүү мамлекеттин өнүгүү шарттарына жараша жакшырды. Тездик менен болбосо дагы алдыга жылуулар бар. Быйылкы жылы мыйзам чыгаруу жаатында бир нече ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды. Эмгек кодекси, ошол эле майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери деген негизги мыйзам, жаңы жоболор иштелип чыкты.
Ал эми негизги көйгөйлөрдүн бири – физикалык жеткиликтүүлүк маселеси. Жеткиликтүүлүк дегенде эле пандусту ойлошот. Азиздер жана дүлөйлөргө өзүнчө шарттар түзүлүшү керек.
Мамлекет тарабынан пенсиялардын, жөлөк пулдардын көлөмү көбөйтүлүп келе жатат. Бирок, ал толук кандуу жашоого жетерлик эмес. Биз ар дайым айтып келебиз, алардын көлөмүн көбөйтүүгө караганда майыптыгы бар жарандар коомчулукка аралашып жашаганга шарттар түзүлүшү керек. Мисалы, бала бакчага, мектепке барганга, кесипке ээ болуу үчүн ЖОЖдордон билим алганга, иштегенге шарттар болсо, ошондо майыптыгы бар адамдар мамлекеттик жөлөк пулга муктаж болбой, өз алдынча эмгектенип, мамлекеттин өнүгүшүнө да салым кошо алышмак”,-деп белгиледи ал.