Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Мага асылгандарды окуп, кызым менен апам кыйналат. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” подкастта билдирди.
Мэр анын дарегине карата сын-пикирлер кемчиликтерге жараша айтылган болсо, туура кабыл аларын, аларды оңдогонго аракет жасарын айтты.
“Көптөгөн пикирлерди окуйм. Көп учурда анализсиз эле баа бере беришет. Ошолорду карап, бала-чакасы, тууган-урук, куда-сөөгү барбы-жокпу деген ой келет. Себеби, үйгө келгенде улуу кызым маанайы жок отурган болсо, соцтармакта мен жөнүндө туура эмес маалыматтар чыккан экен деп сезем. Анткени айрымдар ар кандай комментарийди “белгисиз” болуп алып жазат. Жашоо деген бумеранг. Мен ар кандай пикирлерге көңүл бурбайм. Бирок үй-бүлөм, кыздарым, апам ошондой пикирлерди окуп алса, жүрөгүм ооруйт. Бирок ар бир нерсени эмгек менен, кылган иш менен жеңип кетсе болот. Иштин жыйынтыгы ошондо чыгат. Мен бул кызматка пайдамды келтирип, аракет кылайын деп эле келдим. Эгерде кимде мен жөнүндө маалымат болсо, бир чарчы метр жерди ижарага алып бирөөгө берсем, мен ошол күнү кызматты өткөрүп бергенге даярмын. Командам менен шаарды өнүктүрүп-өстүрүп жакшы жыйынтыкка жетебиз деп пландарды койгонбуз. Мен сын-пикирлерди кемчиликтерге жараша айтылган болсо, туура кабыл алып, оңдогонго аракет жасайм”, - деди ал.
Ошондой эле Айбек Жунушалиев үй-бүлөсү менен бош убактысы болуп калганда бирге убакыт өткөрөрүн белгиледи.
“Менин эки уулум, эки кызым бар. Кыздарым 7-9-класста окуйт. Жаңы жылдын астында ишемби жана жекшемби күндөргө суранып, тоого лыжа тептирип, эс алдырып келдим. Жаңы жылда жетишпей калам деп. Акыркы жолу мына “Аватар” деген кино тасма чыгыптыр, ага бардык. Мүмкүнчүлүк болгондо көңүл бурганга аракет кылам. Бирок, албетте, мамлекеттик кызматта иштеп турганда үй-бүлөгө толук кандуу убакыт бөлө албай калат экенбиз. Дем алыш күндөрү эки жарым жаштагы неберем келгенде аны менен дагы убакыт өткөргөнгө аракет кылам. Небере деген башкача болот экен, кичине болсо да эс алып каласың”, - деди ал.