Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Бишкектеги Саманчин көчөсүндөгү жолду октябрь айынын башында ачуу пландалууда. Оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 150 метрди түзөт. Бул тууралуу бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн шаардык объекттерди кыдыруу (пресс-тур) учурунда белгилүү болду.
Калаа башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле Абдрахманов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкеде жөө адамдар өтүүчү тротуар да оңдолот.
Мындан сырткары, Айбек Жунушалиев тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында "Газпром" аймагына отургучтарды (скамейкаларды) орнотууну тапшырды.