Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жаңы спорт комплекси курулат. БУл тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн мэр Айбек Жунушалиев Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде спорт комплексин куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Жолугушууда спорт объектисинин курулушу, аймактагы инфраструктуранын абалы жана жакын жайгашкан объектке байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Мэрдин айтымында, спорт комплексинин долбоору быйыл иштелип чыгып, курулушун келерки жылы аяктоо пландалууда. Ошондой эле аймактагы жолду оңдоо, асфальт төшөө жана ирригациялык системаны калыбына келтирүү маселелери каралат.
Мындан тышкары, жакын жайгашкан объекттин курулушуна байланыштуу документтерди иликтеп чыгуу тапшырылды. Тургундар менен кийинки жолугушуу келерки жумада өткөрүлөт.