Өлкөнүн аймактарында "Билим кербени" атайын семинары өтүүдө

Билим Загрузка... 11 Апрель 2025 13:01
WhatsApp Image 2025-04-11 at 13.02.18.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. 8-апрелден тарта өлкөнүн аймактарында жогорку класстын окуучуларына арналган "Билим кербени" семинары өтүүдө. Бул тууралуу Билим Берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жолугушуулардын өзгөчөлүгү – эл аралык билим алган жана эл аралык компанияларда, долбоорлордо тажрыйба топтогон эксперттердин катышуусу. Алар өз билимдери, жеке окуялары жана дем берүүчү тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү адамдын, коомдун жана өлкөнүн өзгөрүүсүнө кандайча күчтүү курал боло алаарын көрсөтүшөт.

Семинардын алкагында төмөнкү негизги темалар каралууда:

• билим берүүнүн коомду, экономиканы жана адамды өзгөртүүдөгү ролу;
• XXI кылымдын универсалдуу көндүмдөрү жана билим берүүдөгү жаңы ыкмалар;
• санариптик сабаттуулук жана санарип доорунун чакырыктары;
• эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр жана жаңы кесиптердин пайда болушу;
• билим берүү – туруктуу өнүгүүнүн куралы катары;
• эл аралык мыкты тажрыйбалар жана башка өлкөлөрдүн үлгүлөрү;
• Кыргызстандагы билим берүү системасынын трансформациясы.

Семинарлардын негизги максаты – билим алууга болгон мотивацияны жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, заманбап билим берүү тууралуу түшүнүктү кеңейтүү жана анын өлкө өнүгүүсүндөгү ролун көрсөтүү.